Өлкө аймагында 23-январга караган түнү саат 00:09да жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев күчү очогунда 7 баллга жеткен зизала Кытайдын аймагында катталганын айтты.
Ал азырынча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүүнүн күчү калктуу конуштарда төмөндөгүдөй болгон.