"Терезеден секиришкен". Алматыда жер титирөөдөн 8 киши жаракат алды

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында түндө Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында катталган жер титирөөдөн 8 киши жаракат алды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, алардын баары үйдөн чуркап чыгып бара жатып же терезеден секирип жаракат алышкан. Баары шаардык ооруканаларга жеткирилген.

"Үч адам турак үйлөрдүн 2-3-кабаттарынан секирип жаракат алган. Эки жабырлануучу кароодон өткөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Үчүнчү бейтаптын абалы оор деп бааланууда, ал ооруканага жаткырылды. Беш адам чуркап бара жатып жыгылган. Бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", - деп билдирген Алматынын саламаттыкты сактоо департаменти.

Буга чейин жер титирөөнүн очогу Кытай менен Кыргызстандын чек арасында экени айтылган. Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын тургундары катуу жер титирөө болгонун билдиришти. Жер титирөө Казакстанда дагы сезилди.

Бишкек шаарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан