Балыкчыда “Сантерра Север” коомдук фондунун алдындагы "Алгачкы кадамдар" майыптыгы бар өзгөчө балдарга карата коррекциялык кызмат көрсөтүү борбору ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган борбордун ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев катышты.
Ага ылайык, борбор балдардын сүйлөөсүн, жүрүм-турумун жана психологиялык абалын жакшыртуу, коомго социалдашуусуна багытталган.
“Алгачкы кадамдар” аталышындагы борбор “Сантерра север” даун синдрому бар балдардын ата-энелеринин коомдук фондунун алдында ишке кирди. Борбордо психолог, логопед, дефектолог адистери тарабынан АВА терапия, сенсордук интеграция, АФК боюнча жардам көрсөтүлө баштайт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өзгөчө балдарга кам көрүүчү борбордо демөөрчүлөрдүн көмөгү менен оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп, керектүү жабдуулар алынып, бардык шарттар түзүлдү.