Баткен. Тажик тарапта жол тоскондордун саны 1000ге жетти

Ак-Сайдагы кырдаал боюнча Баткен жана Согдий облустарынын бийлик өкүлдөрү жолугушту. Сүйлөшүүгө Тажикстандын Согдий облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов менен Исфара районунун акими, Кыргызстандан өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев менен Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков катышты. Жолугушуу учурунда абалды турукташтыруу, өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо маселелерин талкуулашкан. Бул туурасында КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.

Учурда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле Баткен облустук ИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тажик тарапта жол тоскондордун саны 1000ге жеткен, ал эми кыргыз тарапта 500гө жакын адам бар.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан