Монголиянын борборунда газ ташыган унаа жарылды. Каза болгондор бар (видео)

Кечээ, 23-январь күнү кечинде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында газ ташыган унаа жарылды.

Жарылуу Улан-Батордогу Дүнжингарав базарынын аймагында болгондугу такталды. Алдын ала маалыматтар боюнча өзгөчө кырдаалга жол кырсыгы себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен 60 тонналык газ ташуучу унаа жарылып кеткен.

Бир нече мүнөттүн ичинде өрт базардын өзүнө, ошондой эле жанындагы унааларга да өткөн.

Жарылуудан бир нече адам каза болгон. Учурда жеринде тиешелүү кызматкерлер иш алып барышууда.

Улан-Батордо катуу жарылуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан