Ош. Ачкачылык жарыялагандардын дагы үчөөсүнүн абалы начарлады

20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуусун талап кылып Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан депутаттын коргоо комитетинин штабында саясий ачкачылык жарыялаган жарандар ачкачылыкты улантышууда. Ачкачылык жарыялагандардын айтымында, бүгүн, 18-декабрда дагы 3 аялдын ооруканага жатканын маалымдашты. 

Буга чейин ачкачылык жарыялагандардын үчөө ооруканага жаткан болчу.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата "2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон" деген айып тагылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан