УКМК депутат Эмил Жамгырчиевдин камакка алынышы боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир айга камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев боюнча маалымат таратты.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 26-декабрында Башкы прокуратура тарабынан депутат Эмил Жамгырчиевге карата мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөдөдө такталгандай, Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерине качуунун негизинде, ошондой эле криминалдык авторитет Салимбай Абдувалиевдин колдоосун алуу максатында чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 2022-жылдын декабрь айында Ташкент шаарына жолугуу үчүн мыйзамсыз барган.

"Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, Башкы прокурор аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча өлкөнүн парламентине сунуш киргизген. Ошол эле учурда 2024-жылдын 9-январында Эмил Жамгырчиев Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароо боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө тергөө амалдарына катышуудан качуу, Жогорку Кеңештин имаратынын терезесинен секирүү менен тергөөгө атайылап тоскоолдук кылып, дайынсыз жоголгон", - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарды Жамгырчиевдин Ташкенттеги криминалдык авторитет Абдувалиевге берген каты менен тааныштырган, ошондой эле аны кармоонун зарылчылыгы жок экенин билдирген. УКМК бирок Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы баскычта болгондуктан, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында кайрадан коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз чыгуусу тууралуу мамлекеттик комитетке тиешелүү ыкчам маалымат келип түшкөнүн билдирди.

"Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, ошондой эле Эмил Жамгырчиевдин тергөөдөн жашырынып калуусу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн болушу, 24-январда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү, башкача айтканда, 2024-жылдын 26-февралына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды", - деп билдиришти УКМКдан.

"Жогоруда белгилегендей, Эмил Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадиясында жана жакын арада аяктап, сот органдарына жөнөтүлүп, анын күнөөлүү же күнөөлүү эместиги боюнча чечим чыгарылат", - деп кошумчалашты УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан