"Эч ким байкаган жок". Акылбек Жапаров эфирде жасалма интеллект сүйлөгөнүн айтты

Жасалма интеллект кыргыз тилинде сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушууда билдиргенин "Кабар" агенттиги жазып чыкты.

"Биз ата мекендик дикторлордун жакшы үндөрүн чогултуп, кечээ "Биринчи радионун" эфиринде алып баруучулардын ордуна жасалма интеллект коштук. Аны эч ким байкаган жок", - деген ал.

Ошондой эле Жапаров бул ишти санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев жетектеген кызматкерлери аткарышканын айтып, жакында кыргыз тилинде чат түзүү маселеси караларын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан