Жалал-Абад шаарында атайын комиссия тарабынан бардык үйлөргө номур коюу иштери жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, шаардагы көчөлөрдүн аттары жана номурлары такталбагандыктан, өзгөчө кырдаал учурунда жабырлануучуларга атайын кызматтардын жетип барышы кыйын болуп жатат.
Шаар мэринин ушул жылдын 7-октябрындагы 246-буйругунун негизинде каралган "Көчөлөргө жана көп кабаттуу турак үйлөргө номер кою жана аныктоо жөнүндөгү" буйругун ишке ашыруу максатында атайын комиссия түзүлдү. Аталган комиссиянын курамы жалпысынан 10 адамдан турат. Түзүлгөн комиссиянын төрагасы болуп комуналдык маселелер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев дайындалган.