Бүгүн, 18-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 5-ирет уюшулуп жаткан “Жаңы жылдык белек-2013” жарманкеси башталды. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, жарманке күнүгө 10:00дөн 18:00гө чейин болот. Ал жерден жаңы жылдык белектерди, азык-түлүктөрдү жана кийим кечелерди табууга болот. Жарманкеге 70тен ашуун ишканалар өз өндүрүштөрүн сатыкка коюшууда.