Ушул жылдын 24-25-декабрында Өзбекстандын Ташкент шаарында кыргыз-өзбек Тышкы иштер министрлеринин саясий жана консультациялык маселелер боюнча сүйлөшүүсү болот. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда маалымдады.
Бул иш-чара 2013-жылдын 28-ноябрында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавхат Мирзийоевдин ортосунда болгон эки тараптуу жолугушууда макулдашылган.
Кеңеш маалында кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча актуалдуу маселелер, эки мамлекеттин тышкы саясат ведомстволорунун өз ара алака мамилеси, кызматташтыктын келечеги тууралуу талкууланмакчы.