2014-жылы Кыргызстандагы кызылча себүү аянтын эки эсеге көбөйтүү пландалууда

2014-жылы Кыргызстандагы кызылча себүү аянтын 40 пайызга  көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомдук уюмдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2013-жыл ичинде кызылчанын түшүмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн. Чүй облусунун 300дөн ашуун дыйкандары бул багытта окуудан өтүп, агротехникалык ыкмалар менен таанышып чыгышкан. Анын жыйынтыгында 1 гектар жерден 35 тонна түшүм алууга жетишишкен. 

Бул 2012-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 тоннага көп. “Кайыңды-кант” ААКсы акыркы жылдарда кант кызылчасын алуучу заводду модернизациядан өткөрүү каралып жаткандыгын белгилеген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан