Эл аралык парламенттик уюмдарда Жогорку Кеңештин атайын өкүлү кызматын уюштуруунун мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 18-декабрдагы жыйынында Москва шаарында эл аралык парламенттик уюмдарда Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүн координациялоо маселелери боюнча атайын өкүлчүлүк кызматын уюштуруунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алышты.

Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына Туратбек Мадылбеков (“Ата Мекен” фракциясы), Надира Нарматова (“Ата Журт” фракциясы), Бактыгул Маматов (“Ар намыс” фракциясы), Абдыжапар Бекматов (“Республика” фракциясы) кирди. Ал эми КСДП фракциясынын өкүлү кийинчерээк белгилүү болот.

Белгилей кетсек, КР Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековду Жогорку Кеңештин спикери кезинде эл аралык парламенттик уюмдарда Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүн координациялоо маселелери боюнча атайын өкүлчүлүк кызматын мыйзамсыз уюштургандыгы боюнча кине койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан