Түркиянын Стамбул шаарында туристтерди талап-тоноо жана акча талап кылуу үчүн уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кылмыштуу топтун курмандыктары Алжирден келген эки турист болгон. Аларга арзан мейманканага барууга убада берген таксисттер туристтерди башка жакка алып барып, сабап, 100 евросун тартып алышкан. Алардын бири качууга аракет кылып жатып бутун сындырып алган.
Натыйжада ал ооруканага жеткирилип, полиция кылмышкерлерди кармаган. Маалым болгондой, кылмыштуу топтун мүчөлөрү мурда соттолгондор болгон.
Алар шаарга келген башка туристтерди дагы уурдоого шектелип жатат.