Казакстандын ТИМ башчысы "Ата-Бейитте" Айтматовдун эстелигине гүл койду

Кечээ, 29-январда Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу баштаган делегация "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандын тышкы иштер министри сталиндик репрессиянын курмандыктарына жана дүйнө жүзүнө атагы чыккан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл койду.

Комплекске баруу алкагында катышуучулар намаз окуп каза болгондорду эскеришти.

Ушул эле күнү Мурат Нуртлеу президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашкан. Ага чейин өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуу өткөрүп, анда Садыр Жапаров Казакстанга расмий визит менен бара турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан