Америкалык миллиардер жана ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск биринчи жолу адам мээсине Neuralink имплантын орнотуу процедурасы өткөнүн айтты. Бул тууралуу ал X (Твиттер) социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
"Операциядан кийин калыбына келип жатат", - деп жазды ал.
Маск бул түзмөк ээсине ойдун күчү менен смартфонду же компьютерди башкаруу мүмкүнчүлүгүн берерин жана биринчи кезекте колу-буту иштебей калган адамдар үчүн түзүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, аппараттын иштеши боюнча алынган биринчи маалыматтар келечектүү жыйынтыктарды көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын сентябрь айында америкалык бизнесмен Илон Масктын нейротехнологиялык компаниясы Neuralink мээ имплантын имплантациялоо боюнча клиникалык сыноолорго ыктыярчыларды издей баштаган. Neuralink 2016-жылдан бери иштеп келе жатат, анын максаты шал оорусуна кабылган адамдар кайра кыймылдай алышы үчүн мээ жана жүлүн жаракаттарынын кесепеттерин жоюуга жардам бере турган чипти түзүү.