"Дарыканаларда психотроптук заттарды саткандар жазаланат". Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды

Соңку учурда өспүрүмдөр арасында баӊги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды колдонуу күчөп баратат. Бул тууралуу бүгүн, 31-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев маңзат соодасына байланыштуу баяндама жасап жатып билдирди.

Эл өкүлү маңзатты интернет каналдар аркылуу сатуу оңой болуп калганын белгилеп, ошондой эле дарыканаларда күчтүү таасир берүүчү психотроптук заттар ачык сатылып жатканын сынга алды.

"Аптекалык наркомания, синтетикалык баңгизаттарынын түрлөрү кеңири жайылып жатат. Азыр телеграм каналдар аркылуу баңгизаттарын сатып алуу абдан оңой болуп калды, тилекке каршы, жаштар ошол тузакка түшүп калып жатышат. Синтетикалык маңзаттардын кооптуулугу, адам аны эки жолу колдонгондон кийин өмүр бою тузакка түшөт. Мээси кайтарылгыс бузулуу процессине кетет", - деди Алиев.

Мындан сырткары ал өлкөдөгү абактарда соттолгондор психотроптук заттарды "дарыланышым керек" деген негизде алдыртып колдонуп жатышканы иликтөөдө аныкталганын билдирди. Депутат маңзат саткандарды кармоо да оңой болбой калганын, укук коргоо органдары маңзатты онлайн саткандарга ылайыкташып, күрөшүшү керектигин айтты.

"Өспүрүмдөргө дарыканаларда сатылып жаткан психотроптук каражаттар, дары-дармектер дарыгерлердин уруксат кагазы менен гана сатылуусу керек. Дарыкана наркоманиясын токтотуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги, интернетте ачык сатылып жаткандарга бөгөт коюу багытында Ички иштер жана Санариптик өнүктүрүү министрликтери иш алып баруусу зарыл",- деди эл өкүлү.

Медер Алиев дарыканаларда жаштарга мээге күчтүү таасир берген психотроптук заттарды сатууну токтотуу, аларды саткандарды жоопко тартуу, интернетте көзөмөлсүз ачылып жаткан онлайн дүкөндөрдү жабууга багытталган токтом долбоорун сунуштады.

Жыйынтыгында депутаттар "Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомун бир добуштан кабыл алышты.

Жогорку Кеңеш 31.01.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан