Экономика министри: "Мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн ички потенциалыбызды өнүктүрүшүбүз керек"

Бишкекте бүгүн, 18-декабрда Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору талкууланууда. 

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев долбоордо эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу боюнча каралган программалар тууралуу: “Биз эмгек мигранттарын бир жол менен гана кайтара алабыз. Ал үчүн жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Ошол эле учурда мигранттар иштеген мамлекеттер менен саясий алаканы түзүп, укуктарын коргошубуз керек. Ошондой эле ички потенциалыбызды өнүктүрүп, 5 жылдык стратегиянын негизинде 2017-жылга чейин 300 миң жумуш ордун түзүшүбүз зарыл. Ички дүң продукцияны көбөйтүү ишке ашканда да иш менен камсыз кыла алабыз”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан