Бишкек ЖЭБи качан калыбына келери белгилүү болду

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария 5-7 күндө калыбына келтирилет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда "Кабар" агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Жылуулук берүү батирлерде 65-70 градустан 45-50 градуска төмөндөдү. Бүгүн, эртең температура төмөндөйт. Бирок санитардык норма боюнча батирлерде 18-21 градус норма деген толугу менен сакталып турат. Шаарда электр энергиясы мурдагы көлөмдөн кыйла көбүрөөк бериле баштайт, жарык өчпөйт", - деди Ажикеев.

Министр кырсыктын толук масштабы такталып, жеринде техникалык бригада иштеп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

Ал эми өрт саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү.

Борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан