Бишкекте бүгүн, 18-декабрда парламенттин жыйынында Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору талкууланууда.
Анда Кыргызстандын аймагындагы интернет жетишпеген аймактардын маселеси камтылбагандыгы айтылды.
Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев өлкө санариптик телеберүүгө өткөндө бардык маселелер чечилерин айтты.
“Бардык райондор санариптик телеберүүгө өткөндөн кийин маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жеңилдейт. 2005-жылдан кийин республика боюнча уюлдук телефондорду колдонгондордун саны көбөйгөнүн билебиз. Азыркы тапта Кыргызстандын 85 пайыз аймагында Wi-Fi менен камсыз кылуучу шарттар түзүлгөн. Биз эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кирдик”,- деди министр.