Эмил Жамгырчиевдин ордуна Элдар Абакиров депутат болуп келди

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев мандатынан ажыратылып, ордуна Элдар Абакиров депутат болуп келди.

Жамгырчиев өзү БШКга ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазганы маалым болду. Мындан улам бош калган орунду “Альянс” фракциясынын кийинки тизмесинде турган талапкер алмак.

Эске салсак, 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Былтыр 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен иш козголгон.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан