Садыр Жапаров жарылуу болгон Бишкек ЖЭБге барды

Бүгүн, 2-февралда болгон ЖЭБдеги жарылуудан улам өлкө башчы Садыр Жапаров жерине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кабарлангандай, мамлекет башчы ЖЭБди калыбына келтирүү иштери менен таанышып, тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмаларды берген.

Ошондой эле маалыматта бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Мындан улам президент Садыр Жапаров бул кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан