Бишкек-Ош унаа жолунун кооптуу делген аймактарында посттор коюлду. Анда куткаруучулар жана дарыгерлер кызмат кылышат. ӨКМнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 18-декабрдан 20-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Учурда 12 кар тазалоочу унаа иштеп жатат.