Президент ЖЭБде авария болгонун угар замат түнкү үчтө эки министрди ойготуп, жерине жөнөткөнүн айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров түндө Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болгонун угар замат өзгөчө кырдаалдар министри менен саламаттыкты сактоо министрин ойготуп, дароо окуянын жерине жөнөткөнүн айтты. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы учурда ал жакта абал оор экенин айткан.

"Жарылуу түнкү саат 03:00дөр чамасында болду. Мен уктай элек болчумун. Энергетика министринин үч тараптуу жолугушуусу бар эле, Ташкентте жүргөн. Мэр болсо чет өлкөдөн учуп келе жаткан. Түнкү саат үчтөр чамасында: “Аэропорттон шаарга келе жатам, ЖЭБде жарылуу болуптур, ошол жакка кетип жатам” деп мага чалды. Мен дароо өзгөчө кырдаалдар министрин, саламаттыкты сактоо министрин ойготуп, ал жакка жөнөттүм.

Энергетика министрине телефон чалып: “Бишкеке учуңуз!” деп буйрук бердим. Кыскасы, таң атканча кырдаалды жөнгө салганга аракет кылдык. Эртең менен дагы барып кеттим. Азыр эми оор абалдан чыгуу жагына бет алдык. Кудай буюрса, жакынкы убактарда кырдаалдан чыгып кетебиз", - деген президент Жапаров.

Белгилей кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан