Бишкекте бүгүн, 18-декабрда парламенттин жыйынында Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору талкууланууда. Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев көмүскө экономиканы жоюу боюнча каралган программалар тууралуу айтты.
“Азыркы тапта көмүскө экономиканын көлөмү 39-42 пайызды түзүүдө. Мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү жана текшерүүлөрдү кыскартуу менен көмүскө экономиканы жоюуну 5 жылдык стратегияга киргиздик. Мындан сырткары салыктардын түрлөрүн да өзгөртүп жатабыз. Экинчи багыт – бул көзөмөлдү жогорулатуу. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү соода-сатыктан салыктарды өздөрү чогулта ала турган өзгөртүүлөр каралды”,- деди министр.