Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу: Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгоду

Бишкек ЖЭБинин кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынан жана коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан Бишкек Жылуулук электр борборунда жабдыктар жарылган. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, ЖЭБдин 5 жумушчусу ар кандай жаракат алышып, медициналык мекемелерге жеткирилген. Ошону менен бирге, Бишкек шаарындагы турак-жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу), 317-беренеси (магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКга тапшырылды.

"Аталган окуя боюнча террордук акт жана диверсия белгилери аныкталган жок", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl27
2024-02-02 22:11:00
Техникалык шакалыктан кырсык болсо деле Атамбаевти кунологон болбойт. Ар кимдин жоопкерчилиги бар.
0
Azat-123
2024-02-03 01:52:00
Asyl27 кычкач 600$
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан