Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Талас облусунун дыйкандары 100 миң тонна төө буурчак өндүрүп, анын килосун 2 доллардан сатышты. «Калктын 4 проценти эле жашаган облуста дыйкандар ушундай түшүм алышты. Быйыл айыл чарбасы өлкө боюнча 2,8 пайызга өсүш жаратты»,- дейт биринчи вице-премьер-министр.