Түркиянын Стамбул шаарындагы Санта Мария чиркөөсүндө ок атууга шектелип 25 киши камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч жалпысынан 60 адам кармалганын, анын 26сы депортацияланганын билдирген. Дагы 9 шектүүнү сот көзөмөлдө болуу талабы менен камактан бошоткон.
Эске салсак, 28-январда Стамбулда беткапчан эки адам католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Анда бир адам окко учуп, бир канча адам жаракат алган.