Ошто дарыгерлерди милиция кызматкери сабаганбы? Оорукана жетекчилигинин маалыматы

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Нурлан Акпышаров дарыгерлеринин сабалышы боюнча маалымат берди. Бул тууралуу "Спутник" маалымат агенттиги жазды.
Андагы маалыматка караганда, Акпышаров өзүн ИИМдин ички аскеринде иштеген адам катары тааныштырган жаран бир тууган иниси менен кирип келип, "Сиз каякка?" деп сурган медиктерди уруп жибергенин айткан. Ошондой эле дарыгерлер милицияга арыз жазып, өздөрү соттук-медициналык экспертизадан өтүп жаткандыгы айтылат.
"Окуя болгон түнү эле милиция чакырганбыз. Төрт дарыгерге, эки бейтапка кол көтөргөн. Нөөмөттөгү фельдшерди көзгө катуу чапкан экен, көгөрүп, чел кабыктары жабыркаган. Дарыгерлер ага сөз айткан эмес. Бир бейтапты жерге жаткырып алып уруп жатканы видеодон көрүнүп турат. Анын агасы бизде дарыланып жүрөт. Өзү да ичип алып келген окшойт. Мастай көрүнгөн, соо адам андай кылбайт да. Эми азыр тергөөдө "медиктерди мен эмес, ушул урган" деп инисине түртүп жатыптыр. Иниси ИИМде иштебейт да.
Ал өзү милицияда иштейт, биздин кызматкерлер деле тааныйт экен. Ошондуктан биз окуя тууралуу Аскер прокуратурасы менен УКМКга маалымат бергенбиз. Эртеси эле "ИИМдин бир кызматкери келип биздин дарыгерлерди уруп кетти" деп министрге маалымат жөнөткөнбүз", - деп билдирген Акпышаров "Спутник" маалымат агенттигине.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаардык милициясы дарыгерлерге кол көтөргөн жаран милицияда иштебей турганын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан