Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Аны толук орнотуу иштери 21-декабрда аяктайт. Учурда балатынын сөлөкөтүн тургузуу иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары шаарды Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери да учурда кызуу жүрүүдө.
Ошондой эле бул жылы балдар үйүнүн тарбиялануучуларына атайын жаңы жылдык бал уюштурулары күтүлүүдө. Бул тууралуу Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришти.