Жириновский акча которгон мигранттардын эсебинен салык алууну сунуштады

Владимир Жириновский мигранттар салык төлөбөгөнүн айтып, алардын акча которууларынын эсебинен каражат алууну сунуштады. Мындан сырткары атайын Орусияга төрөгөнү келген аялдардан да салык катары акча алуу керектигин айткан. Бул тууралуу 18-декабрда орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жириновский журналисттерге берген интервьюсунда: “Чет өлкөлөрдө мигранттардын акча которууларынан салык алынат. Эмне үчүн биз ал акчаларды жөн эле өткөрүп жиберип жатабыз? Алар бул жерде социалдык салыктарды төлөшпөйт. Ошондуктан төлөм катары которуулардан салык алуу керек”,- деп билдирген. 

Төрөө үчүн келген аялдарга да токтолуп: “Төрөттөр да ушуга окшош. Акысыз жардам алуу үчүн атайын биздин өлкөгө келишет да, социалдык түзүмдөргө акча төлөшпөйт”,- деп кошумчалаган Владимир Жириновский.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан