Айыл чарба министрлиги кореялык долбоорлордун алкагында жемиштерди коңшу өлкөлөргө экспорттойт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Мурат Раматов Кореянын айылдык коомчулук корпорациясынын (KRC) президенти Ли Бён Хо баштаган корей делегациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар айыл чарба тармагында жашылча өндүрүү контекстинде кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жашылча-жемиштерди коңшу өлкөлөргө экспорттоонун жаңы келечегин ачат.

Мындан тышкары, айыл чарбасын жана балык чарбасын суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны жакшыртуу жана коомчулуктун деңгээлинде айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

"Жолугушуу конструктивдүү жана жемиштүү деп бааланып, тараптар талкууланган долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан