Жогорку Кеңештин депутаттары “Шайлоо мыйзамын өнүктүрүү” боюнча Баку шаарында өткөн эл аралык семинарга катышышты

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Шаршеев, Н.Мадалиев жана А.Мамаюсупов 15-декабрдан 18-декабрга чейин КМШнын “Шайлоо мыйзамын өнүктүрүү” боюнча Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык семинарга катышышты. Бул тууралуу 18-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Семинар Азербайжан парламентинин жана КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясынын катышуусунда уюштурулду. Бул иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттары жана шайлоо долбоору боюнча  адистер катышты.

Эки күндүк семинардын жүрүшүндө алар КМШ жана Европа өлкөлөрүндөгү шайлоо мыйзамын өнүктүрүү, шайлоо процесстерин жакшыртуу, бейөкмөт уюмдардын шайлоо процессиндеги ролун жакшыртуу жана электрондук добуш берүү тууралуу талкуу кылышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан