SUPER.KG медиа порталынын бул жолку каарманы Каракол шаарындагы көрүстөндөрдүн биринде шайх болуп иштеген 62 жаштагы Тахир ата болду.
“Көрүстөн - акыркы аялдамабыз, бул жакта көп сырлар бар" деген каарманыбыз 26 жылдан бери көрүстөндүн шайхы болуп иштеп, ошол жактагы 2 бөлмөлүү үйдө жашап келет.
“Бул жакта да жашоо бар, бул да бир шаар, мында мени баары тааныйт”, - дейт ал.
Ал биздин чыгармачыл топ менен көптөгөн окуялар менен бөлүшүп, бейиттердин тарыхын баяндап берди.
"Бул жакта мен көп нерселерди көрдүм. Илгери коюлган чоң апанын сөөгүн көрдүм, ошо боюнча жатат. Бир да сасып, чирип, сөөк болуп калган эмес. Азыр эле койгондой жатат. Мен аны кантип көрүп калдым? Эч нерсе жок таза жер экен деп казып атып көрүп атпайбызбы. Бул дагы Алла Тааланын кудурети деп эсептейм. Ал апанын кашы, кирпиктери бүт баары ордунда, анын мүрзөсүнөн ушундай жагымдуу жыт келди.
Кайсы бирөөнүн сөөгүн карасаң татынакай турат, кайсы бирөөнүкү кадимкидей өрттөнүп кеткен. Кабыр азабы деген бар. Бул дүйнөдө байлыкты чогултабыз, бири-бирибизге жамандык кылабыз, бири-бирибизди көрө албайбыз. Бирок акыркы станция бул жак", - дейт ал.
Андыктан, адамдар бири-бирине жакшылык кылса, жардам берсе бул жакка келгенде сооптору ага жардам бере турганын айтты.
"Эгер мага кайрадан жашоо берилип, президенттин креслосу, депутаттын креслосу же мүрзөнүн ордун коюп тандоо мүмкүнчүлүгү болгондо, мен сөзсүз мүрзөнүн ордун тандайт элем. Себеби президент ар бир адамга жооп берет, депутат акчаны көргөндө ыйманы качат. А бул жакта күн сайын Жаратуучуну эстеп, жүрөгүмө ыйман бер деп сурап турасың", - дейт каарманыбыз.
Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.