Бүгүн, 18-декабрда Ош шаардык мэриясынын имаратында мэрдин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коргонуу жана укук-тартипти сактоону камсыз кылуу бөлүмү менен 2013-жылдын 12-ноябрда жарыяланган өлкө президентинин “Мамлекеттик органдарында саясий жана системдик коррупциянын себептерине чара көрүү” жөнүндөгү жарлыгынын негизинде координациялык кеңешме өткөрдү.
Координациялык кеңешмеге шаар прокуратурасы, Коргоо министрлигинин түштүк-батыш регионалдык башкармалыгы, Шаардык ички иштер бөлүмү, Ош шаардык жана Ош, Баткен облустар аралык мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы жана Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик башкармалыгы жана башкалар мекемелер катышты. Кеңешменин жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик сатып алуулар боюнча аткарылган иш-чаралар тууралуу маселелер каралды. Жыйынтыгында Ош шаардык прокуратура тарабынан 2013-жылдын 11 айына “Коррупцияга каршы күрөшүү” буйругун аткарууда 22 текшерүү жүргүзүлүп, 22 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен сегизи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышкан.
Ал эми “Мамлекеттик сатып алуулар боюнча” мыйзамды аткарууда 10 текшерүү жүргүзүлүп, алардын 8и жоопкерчиликке тартылганы маалым болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.