Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызыкдар компанияларды жана инвесторлорду Ош жана Баткен облустарына соода-логистикалык борборлорду (СЛБ) курууга катышууга чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган.
Долбоордун максаты:
- айыл чарбасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн заманбап соода-логистикалык аймактарды түзүү;
- айыл чарба продукциясын сактоо жана бөлүштүрүү үчүн заманбап аймактарды берүү аркылуу айыл аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- долбоордун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн инвестицияларды жана өнөктөштөрдү тартуу.
Өнөктөштүктөрдүн мүмкүнчүлүктөрү:
- соода-логистикалык борборлорду каржылоого жана курууга катышуу;
- жер тилкелерин берүү жана каттоо мүмкүнчүлүгү;
- СЛБнын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн өнөктөштүктөрдү түзүү;
- жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.