Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган оппозициялык саясатчы Бектур Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай токтомду Бишкек шаардык соту 7-февралда чыгарып, бул иш боюнча шек саналып абакта жаткан 10 кишини Бишкектеги №1 тергөө абагында калтырды.
Белгилей кетсек, саясатчы Бектур Асановго 15-январда Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалып, 25-январда №31 дарылоо мекемесине которулган. Жубайы Алтын Эркебаева жолдошунун моюн омурткасына дагы бир операция жасатуу зарыл экенин билдирген.