Мамдума мигранттардын Орусияда жүрүү мөөнөтүн чектегени турат

Орусиянын Мамлекеттик Думасы визасыз кирген мигранттардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн чектеген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу 18-декабрда орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Аталган документке ылайык, визасыз кирген чет элдиктер Орусияда жарым жыл ичинде 90 күндөн ашык жүрө албайт. 
"Визасыз мигранттар Орусиянын аймагында 180 күндүн аралыгында 90 суткадан ашык жүрө алышпайт. Бул көптөгөн өнүккөн деген өлкөлөр кабыл алган адаттагы нормалдуу көрүнүш" деп билдирген Мамдуманын Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча тармактык комитеттин жетекчисинин орун басары, демилгечи Ризван Курбанов. 
Анын айтымында, буга чейин мигранттар Орусияда жүргөн 90 күн мөөнөтү аяктаганда өлкөдөн чыгып, чек арадан каттоодон өтүп, эртеси күнү эле кайра кире берчү. 
Мыйзам Орусия Федерациясынын Президентинин кайрылуусуна байланыштуу иштелип чыкты. Анда В.Путин чет элдик жарандардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн чектөө зарылдыгын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан