"Күнүгө 10 чакырым жол басам. Жумушка бара жатып кекиликтер, чөөлөр, түлкүлөр, жадакалса кээде карышкырларга да жолугам" дейт мугалим Кеңешбек Шоруков. Ал 33 жылдан бери Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебине ат менен барып-келип иштейт. Өзү Түп районунун Долон айылында жашайт.
"Дээрлик ушул айылдын баарын окутуп чыгыптырмын. Бүт баары агай деп турушат. Керек болсо мен окуткан балдардын неберелеринин неберелерин окутуп жатам", - дейт тарбиячы.
Ал жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин эле аталган айылга келип жашап, эмгектенип калган. Айылдын эли, балдары жакшы көрүнүп, башка кыштакка кеткиси келген эмес. Жол азабын сезген. Бирок өзү тарбиячы болгондуктан балдарга бир нерсеге жетүүдө чыдамкайлыкты, өжөрлүктү үйрөтүш үчүн аларды таасирлентиш керек болгон. Мындан улам кыйынчылыктарга карабай кыйла жыл иштеп койду.
"Жолдо келе жатканда бөксө тоолор менен өтөбүз. Ал учурда табияттын көп кызыктуу учурларына кабылам. Кээде чоң тоолордон кийиктер ашып түшөт. Жаздын күндөрү Баткенде "Айгүл" гүлү болсо, бизде "жоогазын" гүлү өсүп чыгат. Ошол учурда тоонун бир бетинде жоогазын гүлдөрү толтура болот. Анын жыты ушундай башкача дейсиң, анын жыты менен дем алганда адам өзүн башка дүйнөдө жүргөндөй сезет. Жолдун кызыктары мына ушунда. Күндүн суугу, жаан-чачыны да болот. Кээде бороондо эки-үч саат жол таппай, адашып калган күндөр да болот.
Эң биринчи мектепке келгенде директор мени 11-класска жетекчи кылып койду. Мен балдар менен кошулуп кадимкидей эле бала болуп калгам. 1975-жылкылар эле, эң биринчи ошолорду окуткам. Азыр алар неберелүү болуп, керек болсо неберелердин неберелерин окутуп жатам", - дейт ал.
"Кыйынчылыксыз ийгилик болбойт" деген мугалим балдарга агай деген барер тоскоолдук болбош керек деп эсептейт. Ошондо аларда тарбиячыга ишеним пайда болуп, жакшы жыйынтык болорун айтат.
"Азыркы кездин талабы боюнча балдардын ою менен болуп, алардан келечекте мыкты адистерди чыгарабыз деп иштеп келе жатабыз. Мындан эки жыл мурда 2022-жылы Исмаилова Анжелика деген окуучу кызым республика боюнча швед-математика олимпиадасында жакшы көрсөткүч менен 3-орунду алып берген. Олимпиадага республика боюнча жалпы 23 миң окуучу катышкан. Ошолордун арасынан суурулуп чыгып биздин кичинекей айылыбыздагы мектеп үчүн сыймыктана турган жыйынтык көргөзгөн. Айыл жергесинен да мына ушундай ийгиликтүү балдар-кыздар өсөт. Окуучуларымды мектепте же сыртта болобу өз оюн ачык айтканга үндөп, тарбиялап келем", - дейт тарбиячы.
Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.