Нарын облусунун ички иштер башкармалыгына 10 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, Нива үлгүсүндөгү унаалар облустун аймактарында элдин коопсуздугун чыңдоого арналган "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" форумунун алкагында, милиция бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу максатында берилген.
"Унаалар беш райондогу айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматтарына бөлүштүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Тапшыруу салтанаты Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өттү. Ага ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Октябрь Урмамбетов катышкан.