Депутат Курмантай Абдиев 2014-жылды Баткенди өнүктүрүү жылы катары жарыялоону сунуштады

Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин жыйынындагы “КРнын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү программасына өтүү” долбоорун талкуулоо учурунда ЖКнын депутаты Курмантай Абдиев 2014-жылды Баткенди өнүктүрүү жылы катары жарыялоону сунуштады. 
Анын айтымында, Баткен облусу өнүгүүнүн бардык көрсөткүчтөрү боюнча республикалык орточо көрсөткүчтөрдөн 2-3 эсеге төмөн турат. 
“2014-жылды Баткен облусун өнүктүрүү жылы катары жарыялоону сунуштагыбыз келет. 5 жылдык өнүктүрүү программаларын кабыл алган учурда стратегиялык мааниси бар, алыскы аймактарды өнүктүрүүнү колго алсак, өлкө өнүгүшү үчүн пайдалуу иш болор эле”,- деди ал өз сөзүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан