Бишкекте “Үй-бүлөнү зордук-зомбулук, социалдык жана укуктук жактан коргоо” боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сунушталып жаткан нормативдик документ 2003-жылы кабыл алынган “Үй-бүлөнү зордук-зомбулуктан жана социалдык, укуктук жактан коргоо” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана толуктоо болуп саналат. Бул долбоор БУУнун Эл аралык өнүгүү программасынын колдоосунда ишке ашмакчы.
Аталган долбоордун максаты - үй-бүлөдөгү ар кандай зордук-зомбулук жана гендердик теңсиздиктин алдын алуу, үй-бүлөнү социалдык, укуктук жактан коргоо.
Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда күн сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны өсүүдө жана анын кесепеттери ар кандай кайгылуу окуяларга алып келүүдө. Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, үстүбүздөгү жылы ар кандай себептер менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны эки миңден ашкан.