Бишкекте бүгүн,
18-декабрда парламенттин жыйынында
Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору талкууланды. Анда
экономика министри Темир Сариев
“2017-жылга
чейин өлкөдө 50 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүү каралган” деп билдирди.
Анын
айтымында, агрардык тармактагы 24 маселени
чечүү максатында жалпысынан 624 миллиард сом
каралган. Бүгүнкү күндө аталган
сумманын 145 миллион 800 миң сому такталган. Ал эми Кытай тараптан берилчү 33 миллион доллар
каражат жер тутумун жакшыртууга жумшалмакчы.