Садыр Жапаров Дубайда өткөн 10-Дүйнөлүк өкмөттөр самитинде сөз сүйлөдү

Бүгүн, 13-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров Дубайда өткөн 10-Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров өз сөзүндө саммит негизделгенден бери жалпы адамзатты түйшөлткөн көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде мамлекеттик башкарууда тажрыйба алмашуу, өкмөттүн ишин жакшыртуу, элдин жашоо сапатын жакшыртуу, жакырчылыкты кыскартуу боюнча глобалдуу диалогдун натыйжалуу аянтчасы болуп калгандыгын айтты.

Андан соң президент өлкө эгемендик алган жылдарга токтолду.

"СССР тарап, 1991-жылы эгемендүүлүккө жетишкен кийин өлкө көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Биз башка мамлекеттердин улуттук тажрыйбаларын алууга бир топ аракет кылдык. Президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга чейин ар кандай башкаруу формаларын сынап көрдүк. Эми биз кайрадан президенттикке кайттык. Албетте, бул өзгөрүүлөрдүн баары биздин элибиздин жаркын келечекке болгон умтулуусун жана үмүтүн актоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн ыңгайлуу жолун табуунун, туруктуу саясий жана экономикалык өнүгүүгө жетишүүнүн аракеттеринен улам болгон.

Мен 2020-жылы бийликке келгенде өлкөбүз үч революцияны, бир катар социалдык толкундоолорду баштан кечирип, андан кийинки коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам, терең экономикалык кризис курч турган. Өлкө эбегейсиз энергетиалык жана жаратылыш ресурстарына ээ болуп туруп, өнүгүү үчүн алардан пайда көрбөй келген. Мен ошондуктан өлкөмдүн өнүгүшүн, элимдин бакубат жашоосун негизги максат кылып койдум", - деди ал.

Ошондой эле, Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары алдыга койгон артыкчылыктуу милдеттерине токтолуп, аткаруу бийлигинин бүткүл тутумун модернизациялоо, өкмөттүн ишин өзгөртүү маселеси болгон белгиледи.

"Мен бүгүнкү күндө аткаруу бийликти жеке жоопкерчилик алуу менен жетектейм. Президенттин жана премьер-министрдин администрациясын бирдиктүү президенттик администрацияга бириктирдик" деп кошумчалады.

Мындан тышкары коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргөнүн айтты.

"Коррупцияга каршы күрөштүн жана бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке ири каражаттар кайтарылууда. Эч кандай жаңы салыктар киргизилген жок. Болгону салыктык башкаруунун жакшырышы менен өткөн жылы мамлекеттик бюджетке салыктан түшкөн каражаттардын көлөмү дээрлик үч эсе көбөйдү... Өлкөбүздө улуттук экономика туруктуу темп менен өнүгүү жолуна түштү. Акыркы үч жылдагы экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7 пайызды түздү (2021-жылы – 5,5 пайыз, 2022-жылы – 9 пайыз, 2023-жылы – 6,2 пайыз). Чет элдик инвесторлордун катышуусунда ири инфратүзүмдүк жана эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу, аэропортторду модернизациялоо жана башкалар бар", - деди өлкө башчы.

Президент өз сөзүндө дагы башка бир катар маселерге токтолуп, өлкө өзүнүн өнүгүү жолун издеп, өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташып жатканын белиледи.

13.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан