Депутат Казакстанда кыргыз ишкерлеринин контейнерлерин тартып алуулар болуп жатканын айтты

Казакстандагы "Алтын Ордо" базарында иштеген кыргыз ишкерлеринин контейнерлерин товарлары менен чогуу тартып алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлү Казакстандын күч органдары кыргыз ишкерлерин буга чейин кармалган Эрмек Маркабаевге карата жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатышканын айтты.

"Мага Алматыдагы биздин ондогон ишкерлерибиз кайрылып жатышат. Алар "Алтын Ордо" базарында соода менен иш алып баргандар. Буга чейин биздин жараныбыз Эрмек Маркабаевге маңзат сала коюшуп, жалган жалаа менен кармалбады беле. Эми ошого жалган көрсөтмө бергиле деп биздин мекендештерибизди Алматы күч органдары кыйнап жатыптыр. 50 миң доллардан ашык акчага сатып алган контейнерлерибиздин ичиндеги товарлары менен кошо алып койду деп жатышат", - деди Акаев.

Ошондой эле ал коңшу өлкөдө кыргыз номурлуу унаалар текшерүүгө алынып жатканын дагы белгилеп, "Казакстан менен ушундай маселелерде эмне үчүн сүйлөшүүлөр натыйжа бербей жатат" деди.

Эскек салсак, Алматы шаарындагы ири базарлардын бири болгон "Алтын Ордо" базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев Казакстандын укук коргоо кызматкерлери тарабынан былтыр 2-июнда кармалган. Кийин 23-августа Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалган кыргыз ишкери тууралуу маалымат тараткан. 24-августта болсо кармалган жарандын жакындары Бишкекте тынчтык акциясын уюштурушкан болчу.

14.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан