Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал бул кызматка былтыркы жылдын ноябрь айында дайындалган болчу.
Ага чейин Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган. 2023-жылдын 31-октябрында ээлеген кызматынан бошотулган.