ТИМ Алматынын базарында соода кылган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги депутат Жанар Акаевдин "Алматыдагы "Алтын-Ордо" базарындагы кыргызстандык ишкерлерге полиция тарабынан кысым болууда деген" билдирүүсү боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой, Башкы консулдук аталган маселе боюнча Казакстандын ТИМинин Алматыдагы өкүлчүлүгүнө жана Карасай райондук полицияга тиешелүү кайрылуу (нота) жолдогон. Ошондой эле "Алтын-Ордо" соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландалууда. Учурда Казакстан тарап аталган кырдаалды жөнгө салуу үчүн Башкы консулдуктун кайрылуусун кароодо.

Ага ылайык, Башкы консулдук арыз жазган ишкерлерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, маселени Казакстандын мыйзамдары алкагында чечүү үчүн адвокат жалдоону сунуштаган. Ошондой эле бул маселе алардын жана Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турат.

Эске салсак, кечээ, 14-февралда Жанар Акаев парламенттин жыйынында Казакстандагы "Алтын Ордо" базарында иштеген кыргыз ишкерлеринин контейнерлерин товарлары менен чогуу тартып алышканын айтып чыккан. Анда ал Казакстандын күч органдары кыргыз ишкерлерин буга чейин кармалган Эрмек Маркабаевге карата жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатышканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан