Бишкектен Ошко арзан авиакаттам ачылат

Өлкөнүн эки ири шаарын бириктирген эки кошумча күнүмдүк аба каттам 20-декардан тарта уча баштайт. Кошумча рейстерди "Пегасус" авиаишканасы аткарат. Жол кире баасы 980 сомдон. Бул тууралуу 18-декабрда "Кыргыз Концепт" саякат агенттиги кабарлады. Жаңы авиарейстер таңкы саат 05:25те жана кечки саат 20:00дө каттайт. Каттамдар Боинг–737 учагы менен аткарылат. Учурда борбор шаардан түштүк калаасына жумасына 86 каттам учат. Бул сан жайкы аэронавигациялык мезгилге салыштырмалуу 37 рейске көп. Бишкек – Ош – Бишкек багытын алты авиаишкана тейлейт. "Пегасустан" башка бул багытты "Эйр Кыргызстан", "Авиа Траффик Компани", "Скай Бишкек", "Эйр Бишкек" жана "Тез Жет" авиаишканалары тейлейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан