Алмазбек Атамбаев: "Улутчулдукка тиешелүү маселелердин үстүндө көп иштеп жатам жана ага байланыштуу концепция даяр болуп калды"

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Германияга болгон иш сапары уланууда. Сапардын алкагында өлкө башчысына Конрад Аденауэр атындагы фонддун талкуусу учурунда, өлкө ичиндеги 80ге жакын этностук топтордун өз ара мамилеси тууралуу суроо берилди.

"Кыргыз" деген сөздүн башаты "кырк ууз" дегенден, же "кырк улут" деген сөздөн келип чыккан. Биздин белгилүү "Манас" эпосунда "Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым" деген саптар кезигет. Учурда өлкөнүн эң башкы маселелери да улутчулдук менен коррупция болуп эсептелет. Биз анын канчалык тереңдеп кеткенин изилдеп жатабыз. Улутчулдук маселесине тиешелүү концепция да дээрлик даяр, бирок аны коомчулукка алып чыгууга азырынча эрте",- деди президент.

Андан ары Алмазбек мырза үй-бүлөсү түрдүү улуттан турарын, арасында өзбек, кыргыз жана орус туугандары бар экенин айтып өттү. "Менин жалгыз бир тууганым Өзбекстанда мугалим болуп иштейт",- деди президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан