Депутат Искендер Матраимов социалдык тармактарда тараган видео боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактарда тараган өзүн өлкөдөн чыгып кетти деген кептерге жооп берди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

"Биринчиден, мен эч жакка качкан жокмун. Экинчиден, 4-9-февраль күндөрү Азербайжандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байкоочу катары катышып келдим. 9-февралда кайтып келип, депутаттык милдеттеримди аткарып, Кыргызстанда эле жүрөм", - деди Матраимов.

Ошондой эле ал депутаттык мандатын тапшыруу ниети жок экенин кошумчалады.

"Мандатымды тапшырайын деген оюм жок. Мен Кара-Суу районунан 25 миң шайлоочунун добушун алып келгем. Алардын мага берген добушун, үмүтүн актоого аракетимди көрүп, кызматымды кыла берем", - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 7-февралда депутат Матраимов Азербайжандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынан эл аралык байкоочу катары катышып жатканын маалымдаган.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Искендер Матраимовду "чет өлкөгө качып кетиптир" деген видео тараган. Анда видеонун автору депутатты өлкөгө келип, мандатын тапшырууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан